Трамп Пентагонго өзөктүк куралды тез убакытта сыноону тапшырды

АКШнын президенти Дональд Трамп Согуш министрлигине (Министерство войны) башка өлкөлөр менен “тең негизде” өзөктүк куралды сыноону баштоону тапшырганын  Truth Social социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындай чечим башка өлкөлөрдүн сыноо программаларына байланыштуу кабыл алынган.
«Бул процесс дароо башталат», — деп белгилеген Республикалык партиянын өкүлү.

Ал кошумчалагандай, Кошмо Штаттар «дүйнөдөгү башка бардык өлкөлөргө караганда көбүрөөк өзөктүк куралга ээ» жана бул, Трамптын айтымында, анын биринчи президенттик мөөнөтүндө жүргүзүлгөн модернизациянын аркасында мүмкүн болгон.

«Өтө чоң кыйратуучу күчү бар болгондуктан, мен муну жасагым келген эмес, бирок башка жолум калган жок! Орусия экинчи орунда турат, ал эми Кытай али үчүнчү орунда, бирок 5 жыл ичинде алар теңелет», — деп жазган АКШ президенти.

Азырынча Дональд Трамп “толук масштабдагы өзөктүк жардырууларды” айтып жатабы, же болбосо куралды жеткирүү каражаттарын, же болбосо жарылуу болбой текшерүү жүргүзүлө турган субкритикалык сыноолорду (боеголовкалар текшерилген, бирок жарылуу болбойт) көздөп жатканы белгисиз.

Deutsche Welle басылмасы жазгандай, АКШ 1992-жылдан бери толук масштабдагы өзөктүк курал сыноолорун өткөргөн эмес. Вашингтон 1996-жылы кабыл алынган Өзөктүк сыноолорду толук тыюу салуу келишимине (ДВЗЯИ) кол койгон, бирок аны ратификациялаган эмес. Ошондон бери АКШ Невададагы полигондо жер алдында субкритикалык сыноолорду жүргүзүп келет.

Президенттин бул билдирүүсү Орусиянын лидери Владимир Путин “өзөктүк кыймылдаткыч менен жабдылган чексиз учуу аралыгындагы "Буревестник" канаттуу ракетасынын”, андан кийин “өзөктүк энергия менен иштеген "Посейдон" суу алдындагы учкучсуз аппаратынын” сыноосу жөнүндө билдиргенден бир нече күн өткөн соң пайда болду. Ошол эле учурда Орусия өзөктүк куралдын өзү боюнча сыноо жүргүзгөнүн расмий түрдө билдирген эмес.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз