АКШ Москва меморандумунан кийин Трамп менен Путиндин жолугушуусун жокко чыгарган, - Financial Times

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Будапештте пландалган жолугушуусу Москва Вашингтонго “Украина боюнча өзүнүн катаал талаптарын ырастаган” документ жөнөткөндөн кийин токтотулду. Бул тууралуу Financial Times басылмасы булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Трамп менен Путин 16-октябрда телефон аркылуу сүйлөшүп, анын жыйынтыгында АКШ президенти эки жума ичинде Будапештте жолугушуу болорун билдирген.

Financial Times жазгандай, бул сүйлөшүүдөн бир нече күн өткөн соң Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтонго меморандум жөнөткөн. Анда Москва “Украинадагы жаңжалдын негизги себептерин жоюу” талабын койгон. Орусия дагы бир жолу Киевден айрым аймактардан баш тартууну, Украинанын куралдуу күчтөрүн кыскартууну жана өлкө эч качан НАТОго кирбешине кепилдик берүүнү талап кылган. Reuters агенттиги да Москва Вашингтонго өз талаптарын камтыган “бейрасмий документ” жөнөткөнүн маалымдаган. Анда Орусиянын бүтүндөй Донбасс аймагын көзөмөлгө алууну көздөгөнү жана Украинанын маселеси боюнча “максималисттик талаптарды” карманарын баса белгиленген.

Мындан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ортосунда чыңалган телефон сүйлөшүү өткөн. Булактардын айтымында, бул сүйлөшүүдөн кийин Рубио президент Трампка Москва сүйлөшүүлөргө даяр эмес экенин билдирген. Башка маалымат булагынын айтымында, Трамп Орусиянын позициясына “таасирленген эмес”.

Ошол эле учурда АКШнын администрациясындагы айрым өкүлдөрдүн билдиришинче, Трамп Украинадагы согуш аракеттерин токтотууга байланышкан сүйлөшүүлөрдө чыныгы жылыштар байкалса, келечекте Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин сактап турат.

Дональд Трамп 22-октябрда Путин менен жолугушууну жокко чыгарганын расмий жарыялаган.
“Мага бул туура эместей сезилди. Биз баргыбыз келген жыйынтыкка жетпейбиз деп ойлодум. Ошондуктан мен жолугушууну токтоттум. Бирок келечекте биз бул ишти жасайбыз”, — деген Трамп. Бир күн мурда ал “жөн гана натыйжасыз жолугушуу өткөргүсү келбей турганын” айткан.

Владимир Путин болсо, Трамп “жолугушууну жокко чыгаруу эмес, көбүрөөк жылдыруу тууралуу” айткандай таасир калтырганын билдирген. Анын айтымында, жолугушуунун демилгеси жана өткөрүлө турган жери америкалык тараптан сунушталган.
“Мен макул болгом, бирок мындай жолугушуулар сөзсүз түрдө жакшы даярдыкты талап кыларын айттым. Азыр болсо, АКШ президенти бул жолугушууну токтотту же жылдырды. Менимче, ал жылдыруу жөнүндө айтып жатат. Эмне дейли? Диалог ар дайым конфронтациядан, талаштан же андан да жаман — согуштан артык”, — деген Путин.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз