Украина Германиядан абадан коргонуучу Patriot системасын алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Германия Украинага абадан коргонуу системалары — Patriot комплексин өткөрүп берди. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

«Биз Украинанын абадан коргонуу тутумундагы “Пэтриоттор” компонентин бекемдедик. Бул жалпы кадам үчүн Германияга жана жеке өзү канцлер Фридрих Мерцке ыраазычылык билдирем», — деп жазды мамлекет башчысы.

Зеленскийдин айтымында, Украина өнөктөштөрү менен бирге абадан коргонуу боюнча комплекстүү системаны түзүү үстүндө ишин улантууда. Анын милдети — коопсуздукту бир гана Украинанын аймагында эмес, союздаш мамлекеттердин үстүндө да камсыз кылуу. Президент белгилегендей, ПВОну күчөтүү боюнча кийинки биргелешкен кадамдар тууралуу сүйлөшүүлөр өкмөттөр деңгээлинде жана түздөн-түз системаларды өндүрүүчүлөр менен жүрүп жатат.

Жай айларында Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере Украинага эки толук MIM-104 Patriot системасын берүү жөнүндө макулдашкан. АКШ болсо бул комплекстерди Киевге өткөрүү үчүн Германиянын армиясынын курамындагы системаларды жаңысына алмаштырып берүүгө макул болгон. Германиянын коргоо министри Борис Писториустун маалыматы боюнча, жеткирүү иштери Вашингтондун макулдугунан кийин жүргүзүлөт жана Берлин эң алгач жаңы комплекстерди өзүнө алгандан кийин гана Украинаныкы жөнөтүлөт.

Октябрь айында Зеленский Украина 25 Patriot системасын сатып алуу боюнча келишим даярдап жатканын билдирген. Анын айтымында, жеткирүү этап-этабы менен, бир нече жылга бөлүнүп жүргүзүлөт — бул өндүрүүчү компаниянын мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз