Трамп: АКШ Украинага Tomahawk ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүн караган жок

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү билдиргендей, ал чындыгында Украинага алыс аралыкка атылуучу Tomahawk ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткан жок.

Президенттик Air Force One учагында журналисттин: «Сиз Киевге мындай курал-жарактарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатасызбы?» – деген суроосуна Трамп:

«Жок, чындыгында андай эмес», — деп жооп берген.

Мунун алдында CNN телеканалы АКШдагы жана европалык булактарга таянып, Пентагон Украинага Tomahawk ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүнө макул экенин, бирок бул боюнча акыркы саясий чечимди АКШнын президенти Дональд Трамп кабыл алары тууралуу кабарлаган.

Буга чейин Дональд Трамп АКШ Tomahawk ракеталарын Украинага берүүнү каалабай турганын, анткени алар «биздин өлкөнү коргоо үчүн керек» экенин айткан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз