Римде орто кылымдарда курулган Конти мунарасы жарым жартылай кулады
Рим шаарынын борборунда жайгашкан тарыхый эстелик — Конти мунарасы жарым-жартылай урап түштү. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы "Corriere della Sera" басылмасына шилтеме берүү менен жазды.
Учурда мунара оңдоп-түзөө иштеринин алдында турган. Кырсык болгон учурда имараттын ичинде төрт жумушчу болгон. Алардын бири оор абалда ооруканага жеткирилсе, дагы экөөндө жеңил жаракаттар бар. Төртүнчү жумушчу урандылардын астында калып калган.
Болжол менен эки саат өткөн соң куткаруучулар урандылардын астында калган жумушчуну чыгарып жатышкан учурда, имараттын кайсыл бир бөлүктөрү урап түшкөн. Натыйжада бир өрт өчүрүүчү жеңил жаракат алды.
Конти мунарасынын курулушу IX кылымда башталган. Ал узак убакыт бою Римдеги эң таасирдүү Конти үй-бүлөсүнүн үй-бүлөлүк резиденциясы болгон. XIII кылымда бул мунара аталган үй-бүлөдөн чыккан Рим папасы Иннокентий IIIнин буйругу менен толугу менен кайрадан курулган.
XX кылымда бул имаратта Рим мэриясынын кеңселери жайгашкан. Акыркы жылдары ал колдонулбай, реконструкциядан өтүп жаткан. Оңдоо иштери 2026-жылы аякташы керек болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




