Түркияга барган туристтердин саны 50 миллионго жетти. Кыргызстандан канча адам барган?

Түркия Маданият жана Туризм министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөгө 50 миллион чет элдик конок келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6% өсүштү көрсөтөт. Туризмден түшкөн жалпы киреше 50 миллиард АКШ долларын түзүп, 5,7% көбөйгөн.

Бүткүл дүйнөлүк Туризм уюмунун (UN Tourism) 2024-жылкы маалыматы боюнча дүйнөдөгү төртүнчү ири туристтик багыт катары саналган Түркия Стамбул шаарында өткөн маалымат жыйынында бул көрсөткүчтөрдү жарыялады.

Маданият жана Туризм министри Мехмет Нури Эрсой билдиргендей, алгачкы тогуз айдын ичинде келген туристтер орточо 10,3 түнгө токтоп, бир түнгө 103 доллар сарпташкан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7% жогорулаган.

«2025-жылдын алгачкы тогуз айы биздин регион үчүн олуттуу сыноолор менен коштолду. Региондогу жаңжалдар жана климаттык өзгөрүүлөргө карабастан, стратегиябыздын аркасында кирешебизди 5,7% көбөйтүп, 50 миллиард доллар чегинен өттүк. Бул тарыхта биринчи жолу үчүнчү чейректе мындай көрсөткүчкө жетиштик. Жылдын аягына чейин максатыбыз – 64 миллиард доллар киреше алуу», — деди министр Эрсой.

Маалыматка караганда, тогуз ай ичинде Түркияга эң көп турист келген үч өлкө — Россия Федерациясы (5,53 млн), Германия (5,22 млн) жана Улуу Британия (3,54 млн). Ал эми Кыргызстандан Түркияга барган зыяратчылардын саны өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 5,3% өсүп, 151 миң кишиге жетти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз