Парламентти таркатуу демилгеси кайсыл депутаттар колдоду? Тизме
Жогорку Кеңештин демилгелүү депутаттар тобу өздөрүн таркатуу боюнча 30дан ашуун кол топтогонун бир катар депутаттар билдиришти.
Айрымдары бул демилгелүү топко мүчө экенин "АКИпресс" агенттигине да тастыкташты.
Өзүн таркатуу тууралуу сунушту колдогон депутаттардын тизмеси:
Нурланбек Азыгалиев (Жайыл шайлоо округу)
Чынгыз Ажибаев (Лейлек шайлоо округу)
Жанар Акаев («Альянс»)
Нилуфар Алимжанова («Альянс»)
Ырысбек Атажанов (Кадамжай шайлоо округу)
Руслан Жакышов («Ишеним»)
Гүлсүнкан Жунушалиева («Ата-Журт Кыргызстан»)
Саидбек Зулпуев («Ата-Журт Кыргызстан»)
Азамат Исираилов («Альянс»)
Бактияр Калпаев (Баткен шайлоо округу)
Аманкан Кенжебаев (Сокулук шайлоо округу)
Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»)
Лейла Лурова («Ынтымак»)
Арслан Малиев (Жети-Өгүз шайлоо округу)
Марлен Маматалиев («Ынтымак»)
Талайбек Масабиров («Ата-Журт Кыргызстан»)
Гүлкан Молдобекова («Альянс»)
Марат Мураталиев («Ишеним»)
Жайлообай Нышанов («Ата-Журт Кыргызстан»)
Улан Примов (Алай шайлоо округу)
Равшан Рысбаев (Көк-Жар шайлоо округу)
Жылдыз Садырбаева («Ата-Журт Кыргызстан»)
Кубанычбек Самаков (Ленин шайлоо округу)
Кундузбек Сулайманов (Токтогул шайлоо округу)
Нурбек Сыдыгалиев («Ишеним»)
Чолпон Султанбекова («Ишеним»)
Акбокон Таштанбеков (Ысык-Ата шайлоо округу)
Данияр Толонов (Куршаб шайлоо округу)
Азизбек Турсунбаев (Ала-Бука шайлоо округу)
Балбак Тулобаев («Ынтымак»)
Айжигит Тыналиев (Ысык-Көл шайлоо округу)
Сүйүнбек Өмүрзаков («Ишеним»)
Арсланбек Эгембердиев («Ата-Журт Кыргызстан»)
Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин өзүн таркатуу чечими жалпы депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн (30 депутаттын) демилгеси менен көтөрүлүп, жок дегенде үчтөн экиси (60 депутат) добуш бериши керек.
«Депутаттарды шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, мөөнөтүнөн мурдагы шайлоо өзүн таркаткан күндөн тартып 40 күндөн кем эмес жана 65 күндөн ашпаган убакытта өткөрүлүшү зарыл. Демек, эгерде депутаттар октябрдын башында өздөрүн таркатса, шайлоо ноябрдын аягында өтөт.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын Конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын ноябрында аяктайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.