30 жаштагы Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин депутаты болду

Сүрөт: "Лимон"

Борбордук шайлоо комиссиясы «Ыйман Нуру» партиясынан Муратбеков Табылды Муратбековичти Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Тиешелүү чечим 5-июнда комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
 
Табылды Муратбеков Султанбай Айжигитовдун ордуна келди, анын каттоосу мурда жокко чыгарылган болчу.
 
Муратбеков 1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.
 
28-мартта БШК Айжигитовдун Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоосун жокко чыгарган.
 
Депутаттык мандаттын мыйзамдуулугу боюнча маселе март айынын башында Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин айрым пункттарына каршы чыгып сүйлөгөндөн кийин жаралган. Ошол эле күнү «Ыйман Нуру» фракциясы аны курамынан чыгарып, Айжигитов чек ара боюнча сүйлөгөн сөзүн фракция менен макулдашпай койгонун билдирген.
 
19-мартта парламент жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Айжигитовдун эмне үчүн келишимдин айрым пункттарына каршы чыгып жатканын түшүнүү үчүн анын үстүнөн материалдарды топтогонун айткан. Ташиевдин айтымында, ошол материалдардан Айжигитов соттуулугу тууралуу документти БШКдан жашырганы белгилүү болгон жана бул анын депутаттык мандатынын жокко чыгарылышына негиз боло алат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз