Федор Емельяненко Кыргызстан жөнүндө алгачкы таасирлери менен бөлүштү
Аралаш мушташ өнөрүнүн легендасы Федор Емельяненко 6-октябрда самбо боюнча дүйнө чемпионатына арналган маалымат жыйынынан кийин Кыргызстан тууралуу алгачкы таасирлерин бөлүштү.
Емельяненко белгилегендей, ал азырынча Кыргызстанды толук кыдырып көрө элек, бирок бош убактысы болсо, сөзсүз түрдө көрүп чыгаарын айтты.
«Мен учактан түшөөрү менен ак кар баскан тоолордун сүрөттөрүн үй-бүлөмө жөнөттүм», — деди Емельяненко.
Ал ошондой эле Кыргызстанда 8-ноябрга чейин боло турганын кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




