«Би-би-синин» башкы директору Тим Дэйви жана BBC News жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы Дебора Тернесс Трамптын сөзүн жасалмалоо боюнча кызматынан кетип жатышат

Британдык телерадиокорпорациянын (BBC) башкы директору Тим Дэйви жана BBC News маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Дебора Тернесс «Panorama» берүүсүндө Дональд Трамптын сөзүн монтаждап өзгөртүү боюнча чыккан чырдын фонунда кызматтарынан кетип жатышат, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.

Тим Дэйвинин кайрылуусунда мындай деп айтылган:

«BBC – кемчиликсиз эмес, биз ар дайым ачык жана жоопкерчиликтүү болушубуз керек. Бул менин чечимимдин жалгыз себеби болбосо да, BBC News-тун айланасындагы азыркы талкуулар менин чечимиме таасир этти. Жалпысынан алганда, корпорация жакшы иштеп жатат, бирок айрым каталар кетти жана башкы директор катары мен акыркы жоопкерчиликти өз моюнума алышым керек», — деп жазган ал.

Дэйвинин айтымында, ал директорлор кеңеши менен кызматтан кетүүнүн так мөөнөтүн макулдашып жатат. Максат — жаңы жетекчиге иштерди үзгүлтүксүз өткөрүп берүү.

Дебора Тернесс өз билдирүүсүндө мындай деди:

«Трамп тууралуу “Panorama” программасынын айланасындагы талаш BBCге — мен өтө сыйлаган уюмга зыян келтире баштады. Айрым каталар кеткенине карабастан, мен так айткым келет: BBC News уюмуна карата жакында чыккан “бир тараптуу мамиле кылат” деген айыптоолор чындыкка дал келбейт. Жоопкерчилик менин мойнумда», — деп жазган Тернесс.

Ал ишемби күнү Тим Дэйвиге отставка жөнүндөгү арызын тапшырган.

Маалымат үчүн:
Тим Дэйви BBCнин башкы директору болуп 2020-жылдын сентябрында дайындалган. Ага чейин жети жыл бою корпорациянын коммерциялык бөлүмүн — BBC Studiosду жетектеген. Жалпысынан ал BBCде 20 жыл иштеген.

Дебора Тернесс BBC Newsту 2022-жылдан бери башкарып келген. Анын жетекчилиги астында 40тан ашуун тилде иштеген 5000ден көп кызматкер 500 миллион аудитория үчүн жаңылыктар жана программаларды даярдап келген.

BBCнин төрагасы Самир Шах мындай деди:

«Бул BBC үчүн кайгылуу күн. Тим акыркы беш жыл ичинде мыкты жетекчи болду. Ал чечкиндүүлүк жана келечекке караган көз караш менен корпорацияны алдыга сүрөп келди. Ал ар дайым менин жана директорлор кеңешинин толук колдоосуна ээ болуп келген. Бирок анын жеке жана кесиптик жактан чоң басымга туш болгонун түшүнөбүз. Биз анын чечимин урматтайбыз жана түшүнөбүз», — деп белгиледи ал.

Трамп бул окуяга өзүнүн TruthSocial социалдык тармагында мындайча жооп берди:

«Баары отставкага кетип же иштен айдалууда, анткени алар менин 6-январдагы өтө жакшы (ИДЕАЛДУУ!) сөзүмдү “бурмалаган” деп кармалышты. Бул абдан адилетсиз адамдар. Алар президенттик шайлоого кийлигишүүгө аракет кылышты. Мунун баары биздин эң жакын союздаштарыбыздын бири деп эсептелген өлкөдөн чыгып жатканы – демократия үчүн чоң уят!»

Бул отставкалар эмне себептен болду?
“Telegraph” гезитинин жазганына караганда, BBCнин “Panorama” программасынын «Трамп: Экинчи мүмкүнчүлүкпү?» аттуу документалдык тасмасы көрүүчүлөрдү жаңылыштыкка алып келген. Анткени анда Трамптын 2021-жылы 6-январда сүйлөгөн сөзүнүн эки бөлүгү бириктирилип, ал Капитолийдеги башаламандыкты колдогондой таасир жараткан.

Гезит билдиргендей, бул тууралуу BBCнин ички документинде да айтылган. Ал документти корпорациянын редакциялык стандарттар боюнча көз карандысыз кеңешчиси болгон Майкл Прескотт жазган.

Британ өкмөтүнүн позициясы:
Жекшемби күнү, Дэйви кызматтан кетерин жарыялардан бир нече саат мурда, Улуу Британиянын маданият министри Лиза Нэнди мындай деди:

«Panorama программасы боюнча кырдаал абдан олуттуу. Ошол эле учурда BBCге карата дагы башка дооматтар айтылып жатат. Алардын эң олуттуусу – корпорация татаал маселелерди чагылдырууда системалуу түрдө бир тараптуу позиция кармайт деген айыптоо».

Ал ошондой эле төрага Самир Шах менен Тим Дэйви бул айыптоолорго олуттуу мамиле жасап жаткандыгына «толук ишенерин» кошумчалады.

Маданият, медиа жана спорт боюнча парламенттик комитет да BBC төрагасына бул жагдай тууралуу түшүндүрмө берүүнү суранган кат жөнөткөн. Ал катка жооп дүйшөмбү күнү берилиши керек болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз