"Барс" - Кыргызстандын чемпиону

Ысык-Көлдүн «Барс» командасы 2025-жылкы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.

Сезондун акыркы оюну 8-ноябрда өтүп, Каракол шаарынын командасы өз талаасында Бишкектин «Талант» командасына каршы ойноодо 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Жыйынтыктык турнирдик таблицада Ысык-Көлдүн «Барсы» өзүнүн башкы атаандашы «Мурас Юнайтедден» алдыга чыгып, 2025-жылдын чемпиону аталды.

Экинчи орун жана күмүш медаль Манас шаарындагы «Мурас Юнайтед» командасына, ал эми үчүнчү орун жана коло медаль өткөн жылдын чемпиону — Кант шаарынын «Абдыш-Ата» командасына тийди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз