Сот Франциянын мурдагы президенти Саркозини абактан бошотту

Париждеги апелляциялык сот дүйшөмбү күнү, 10-ноябрда, мурдагы Франция президенти Николя Саркозини түрмөдөн бошотуп, аны сот көзөмөлүнө өткөрүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу BFM TV телеканалы кабарлады. Муну менен сот 70 жаштагы Саркозинин адвокаттарынын апелляциясына карата прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырды. Саркози түрмөдө дээрлик үч жума отурган.

Түрмөдөн чыккан соң, шайлоо кампаниясын мыйзамсыз каржылаганы үчүн айыпталган мурдагы президент бутуна электрондук көзөмөл браслетин тагынып жүрүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле ага бул иш боюнча айыпталуучулар жана күбөлөр менен байланышууга тыюу салынды.

Видеобайланыш аркылуу өткөн отурумда Николя Саркози камактагы күндөрүн «абдан оор» жана «азаптуу» деп мүнөздөдү. Өз кезегинде анын адвокаттары аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу талабын койгон.

Николя Саркози сентябрь айынын аягында беш жылга эркинен ажыратылган болчу. Ал жаза мөөнөтүн 21-октябрда Париждеги Санте түрмөсүндө өтөй баштаган. Ага 9 чарчы метрлик жалгыз камера берилген. Саркозиге жумасына үч жолу жолугушууга уруксат берилген, ошондой эле ал телефон колдонсо да, чалуу укугу алдын ала уруксат берилген номерлерге гана чектелген. Ал түрмөдө өзүнчө көзөмөлдө болгон.

Саркози — Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилде түрмөгө түшкөн алгачкы француз лидери жана Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин ичиндеги биринчи мурдагы президент болду. Анын жаш курагына байланыштуу жаза шартын жеңилдетүү өтүнүчүн берүү укугу бар эле.

Буга чейин Париждеги сот Франциянын мурдагы президентин 2007-жылдагы шайлоо кампаниясын Ливия мыйзамсыз каржылаганы боюнча кылмыштуу сүйлөшүүгө катышкан деп күнөөлүү деп тапкан. Прокуратуранын маалыматына ылайык, Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафи ошол учурда Саркозинин шайлоо кампаниясын колдоо үчүн болжол менен 50 миллион евро бөлгөн. Бирок мамлекеттик каражатты ысырап кылуу, пассивдүү коррупция жана шайлоо каржылоосунун башка эрежелерин бузуу боюнча айыптардын баары боюнча Саркози акталган.

2024-жылдын 18-декабрында Париждин кассациялык соту Саркозиге карата башка иш боюнча чыгарылган чечимди өзгөртүүдөн баш тарткан. Ал иш коррупция, таасир соодасы жана тергөө ишине басым көрсөтүү менен байланышкан болчу. Натыйжада Саркози бир жыл бою үй камагында болуп, электрондук браслет тагынып жүргөн. Бул иште ал президент болуп турган маалда L’Oreal компаниясынын тең ээси Лилиан Беттанкурдан шайлоо үчүн берилген кайрымдуулук каражаттарына байланыштуу тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылган деп шектелген.

Франция бийлиги Николя Саркозини Ардак легиону жана «Эмгек үчүн» ордендеринен ажыратты — бул 1945-жылдан берки мындай мүнөздөгү биринчи учур болуп калды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз