Ноокен шаарында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бизнесмендерди корктуп, насыяларын төлөтүшкөн, - УКМК

12-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, каракчылык (опузалоо) боюнча шектүүлөр кармалды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ИИМдин оперативдик каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турган С.И.А., Н.Р.Х. жана А.Б.Т. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жеке ишкерлерден акча талап кылышкан. Бул акчалар абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарга жөнөтүлүп турган. Ошондой эле шектүүлөр ишкерлерди коркутуу жолу менен өздөрүнүн ордуна катталган адамдардын атынан алынган ири көлөмдөгү кредиттерди төлөөгө мажбурлап турушкан.

УКМКнын маалыматына ылайык, шектүүлөр «Чач» деген каймана ат менен белгилүү Эрнис Мурзахметов аттуу уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүнүн колдоосуна ээ болушкан. 2022-жылы шектүүлөрдүн бири — Н.Р.Х., каймана аты «Рокки», Ноокен районуна «смотрящий» болуп дайындалган.

Коопсуздук кызматтары бул адамдар башка ушундай кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт. Ошондуктан УКМК бул шектүүлөрдүн аракетинен жабыркагандарды же алар тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефон номерлерине байланышууга чакырат:
📞 0 (3722) 5-60-49,
📱 0995 01-22-10 (WhatsApp).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз