Кытайда 760 метр узундуктагы көпүрөнүн бир бөлүгү кулады
Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында жакында эле ачылган көпүрөнүн бир бөлүгү 317-автомагистралдын үстүнө урап түшкөн. Бул жол тилкеси өлкөнүн борбордук аймактарын Тибет менен байланыштырган маанилүү каттамдардын бири болуп саналат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок экенин Reuters жана China Daily кабарлады.
10-ноябрда Марканг шаарындагы узундугу 758 метр болгон «Хунци» көпүрөсүнүн аймагындагы тоо этектеринде жер көчкү коркунучу байкалган — жер бетинде жаракалар жана кыйшайуу белгилери пайда болгон. Бул жагдайдан улам аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилип, көпүрө кыймыл үчүн жабылган. Көпүрөдө калган унаалар эвакуацияланып, трассага эскертүү белгилери орнотулган.
11-ноябрдын күндүзүндө тоодон чоң жер көчкү жүрүп, анын кесепетинен көпүрөнүн кире бериши, түркүктөрү жана пролет бөлүктөрү урап түшкөн. Азыр учурда келтирилген зыяндын көлөмү бааланууда. Унаа кыймылын калыбына келтирүү мөөнөтү азырынча белгисиз.
«Хунци» көпүрөсүн Sichuan Road & Bridge Group компаниясы курган. Курулуш иштери быйыл жылдын башында аяктаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



