Кыргызстандын ИДПсы 10 айда 1,5 трлнго жетти
Жылдын башынан тартып ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10 %дан жогору болуп келе жатат, бул мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын туура жана натыйжалуу багытта экенин далилдеп турат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди6 деп жазат өкмөттүн сайтын.
"2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 триллион 427,3 миллиард сомду түздү. ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10%ды түздү. Өсүшкө бардык тармактар өзүнүн салымын кошууда. Курулуш сектору 27,7 %га, кызмат көрсөтүүлөр 8,8 %га, айыл чарба 2%га өстү. Өнөр жай тармагында өсүш 9,9 %ды түздү. Айрыкча фармацевтикада өсүш 2 эсеге, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө – 33,6 %га, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүдө – 33,8 %га, химиялык продукциялары – 19,6 %га, текстиль, кийим-кече өндүрүүдө – 9,4 %га, ошондой эле пайдалуу кендерди казууда – 17,1 %га. Бул жакшы көрүнүш", - деп айтылат маалыматта.
10 айдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 246,7 млрд сомду түзүп, 18,9 %га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын 29 пайызы же 71,1 млрд сом республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды, бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге көп – былтыры 26,8 млрд сом болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



