Владимир Путин Кыргызстанга келет

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалды.

Орусия лидери бул ниетин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүсүндө билдирди.

«Биз дайыма байланышып турабыз, бирок дагы Бишкекте өтө турган ЖККУ форумунда жолугушуубуз керек», — деди Путин Токаевге.

Буга чейин ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Уюмдун уставдык органдарынын жыйындары жана Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиялары 27-ноябрда Бишкекте өтөрүн билдирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз