Камчыбек Ташиев "МЮнун" украиналык машыктыруучусун эмне үчүн кызматтан алганын ачыктады

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев «Мурас Юнайтед» командасынын башкы машыктыруучусу, украиналык Сергей Пучковду эмне үчүн кызматтан алганын түшүндүрдү.

Пучков жетектеген Манас шаарынын командасы Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду ээлеп, өлкө Кубогунун финалында жеңилип калган. Ошондой эле «МЮ» АФКнын «Challenge League» турниринде плей-оффко чыгууга жетишкен.

«Билесиздерби, Пучковду эмне себептен иштен алдым? Сергей Валентиновичти мен футболчуларды жаман сөздөр менен тилдегендиги үчүн кызматтан алдым. Абдан катуу сөгүнөт экен. Ал сөздү мен бул жерде айтпайм. Эгер ал эмоциясын кармай албай, футболчулардын намысына тийбестен иш алып бара албаса, анда мындай машыктыруучулар Кыргызстанда иштебейт. Дароо айтайын.

Стадиондо балдар, кыздар, чоңдор олтурушат. Айрым машыктыруучулар алардын көз алдында сөгүнөт. Кээ бири трибуналарга карата да сөгүнүшөт. Мындай көрүнүш болбошу үчүн алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүңүздөр. Бул – чоң адамдар, айрымдары футболчуларга аталык курактагылар. Бирок абдан орой сөздөрдү колдонуп тилдешет», – деди Камчыбек Ташиев 17-ноябрда Кыргызстандын футбол клубдарынын президенттери менен жолугушууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз