ФСБ Орусиянын жогорку даражалуу жетекчилерине каршы даярдалган террактын алдын алганын билдирди

Орусиянын коопсуздук кызматы — ФСБ бир нече күн мурун өлкөдөгү эң жогорку кызмат адамдарынын бирине карата теракт даярдалышынын алдын алганын билдирди. Ким экени расмий түрдө айтылган жок.

«Московский комсомолец» басылмасынын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан аткаминер — Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу.

ЖМКлардын версиясы боюнча, кол салуу Москвадагы Троекуровское көрүстөнүндө даярдалган. Ал жерде Шойгу туугандарынын мүрзөсүнө бармак болгон.

Маалымат каражаттары үч шектүүнүн кармалганын жазышты: орусиялык жубайлар жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринен келген дагы бир адам.

Билдирмелерде диверсиялык топ “украин атайын кызматтарынын тапшырмасы менен аракеттенген” деп айтылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз