БУУнун Коопсуздук кеңеши Трамптын Газа боюнча планын колдоп, Орусия менен Кытай добуш берүүдөн карманышты
CNN маалымдагандай, БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ президенти Дональд Трамптын Газа секторуна арналган тынчтык планын камтыган резолюцияны жактырды. Документте «Тынчтык кеңешин» түзүү жана Газада эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу сыяктуу сунуштар бар.
БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги 15 өлкөнүн ичинен 13ү резолюцияны колдогон. Вето укугуна ээ болгон Орусия жана Кытай добуш берүүдөн карманып турушту.
Трамп Truth Social платформасында Коопсуздук кеңешинин «керемет добуш берүүсү» менен дүйнөнү куттуктай турган билдирүү жасады. Ал түзүлө турган «Тынчтык кеңешин» өзү жетектей турганын ырастады. Анын курамына «дүйнөдөгү эң таасирдүү жана сыйлуу лидерлер» кирерин айтты.
«Бул БУУ тарыхында кабыл алынган эң маанилүү чечимдердин бири болуп, дүйнөлүк тынчтыктын чыңдалышына өбөлгө түзөт жана чыныгы тарыхый окуя катары калат! БУУга жана Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрүнө – Кытайга, Орусияга, Францияга, Улуу Британияга, Алжирге, Данияга, Грецияга, Гайанага, Түштүк Кореяга, Пакистанга, Панамага, Сьерра-Леонеге, Словенияга жана Сомалиге – ыраазычылык билдирем», — деп жазды Трамп.
Ал ошондой эле АКШны колдогон өлкөлөргө – Катар, Египет, БАЭ, Сауд Арабиясы, Индонезия, Түркия жана Иорданияга – ыраазычылык билдирди.
CNN белгилегендей, бул резолюция америкалык лидердин 20 пункттан турган тынчтык планын эл аралык деңгээлде мыйзамдаштырууга багытталган. Анын айрым бөлүктөрү бир ай мурун Газада күчүнө кирген ок атышууну токтотуу режиминин негизи болгон. Дипломатиялык булактардын айтымында, БУУнун колдоосу өлкөлөргө эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн курамына кирүүгө укук берет.
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Майкл Уолтц «көпчүлүгү мусулман өлкөлөрүнөн келген – Индонезия, Азербайжан жана башка – күчтүү тынчтыкты сактоо коалициясы түзүлөрүн» айтты. Алар Газада бирдиктүү команда алдында иштеп, коопсуздукту камсыз кылат, куралсыздандырууну көзөмөлдөйт жана гуманитардык жардамдын жетишин уюштурат.
Ошол эле учурда булактар резолюцияда толук айкын механизмдер жок экенин, бул анын аткарылышын оорлотушу мүмкүн экенин белгилешет. Мисалы, палестин администрациясынын убактылуу бийлик укуктарын тапшыруу мөөнөттөрү көрсөтүлгөн эмес. Документте бул процесс реформалар программасы «канааттандырарлык деңгээлде аяктагандан» кийин жүрөрү гана айтылган.
Резолюция боюнча «Тынчтык кеңеши» 2027-жылдын аягына чейин иштейт. Ал ХАМАС жана башка топторду куралсыздандыруунун үстүнөн көзөмөл жүргүзөт — бул Израилдин башкы талабы. Ошондой эле Газанын кайра курулушун башкаруу да анын милдети болот.
Документте палестин мамлекеттүүлүгүн түзүү маселеси да айтылган, бирок так мөөнөттөр көрсөтүлгөн эмес.
«Палестин администрациясынын реформалар программасы ишенимдүү аткарылып, Газанын калыбына келтирилиши алдыга жылгандан кийин гана палестин элинин өз алдынча мамлекет куруусуна жол ачылышы мүмкүн», — деп айтылат резолюцияда. «АКШ Израиль жана палестиндер ортосундагы саясий келечек тууралуу диалогду баштайт», — деп кошумчаланган.
Добуш берүүнүн алдында Израиль резолюцияда палестин элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугу жана мамлекеттүүлүккө жол ачуу тууралуу нормалардын болушун сынга алган.
ХАМАС да документти сынга алып, Газада эл аралык күчтөргө куралсыздандыруу сыяктуу тапшырмаларды берүү алардын нейтралдуулугун жоготуп, жаңжал тараптарынын бирине айлантат, деп жазат Reuters.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



