Украин армиясынын Башкы штабы Орусиянын аймагындагы аскердик объектилерге ATACMS ракеталары менен сокку урганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын билдиришинче, украин аскерлери Орусияга сокку урууда АКШнын алыска учуучу ATACMS баллистикалык ракеталарын колдонушкан, деп жазат "CentralAsia".

Башкы штабдын маалыматына караганда, сокку уруунун максаты - Орусия аймагындагы аталышы айтылбаган «аскерий объектилер» болгон.

«Бул — Украина өз эгемендүүлүгүнө бекем берилгенин баса көрсөткөн өтө маанилүү окуя», — деп билдиришти ВСУнун Башкы штабынан.

Украин аскерлери мындан ары да «алыска учуп, сокку берүүчү каражаттарды, анын ичинде ATACMS ракеталарын» колдонуу улана турганын кошумчалашты.

Башкы штабдын билдирүүсүнөн кийин украин ЖМКларында жана телеграм-каналдарда Украина Воронежге сокку урууда ATACMS колдонушу мүмкүн экени тууралуу божомолдор пайда болду. Орусиянын Shot телеграм-каналынын маалыматы боюнча, ВСУ 17-ноябрда Харьков облусунан ATACMS менен Воронеж облусуна сокку урган.

Белгилүү болгондой, Воронеж шаарында «Балтимор» аскерий аба базасы жайгашкан. Анда Су-34 бомбардировщиктерин активдүү колдонгон 47-бомбардировщик авиаполку турат жана алар Украинага каршы соккуларга кеңири тартылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ВСУнун бул билдирүүсүнө комментарий бере элек.

2025-жылдын жаз айларынын аягында АКШ бийлиги украин аскерлерине Орусия аймагына батыштын алыска учуучу куралдарын колдонуп, сокку урууга тыюу салганын The Wall Street Journal август айында жазган. Басылманын маалымат булактарынын айтымында, Украина бир жолу ATACMS ракеталарын Орусиядагы бир бутаны аткылоо үчүн колдонууну аракет кылган, бирок АКШдан уруксат берилген эмес.

Октябрда ВСУнун Башкы штабы украин аскерлери Брянск химиялык заводун франко-британиялык Storm Shadow ракеталары менен аткылаганын билдирген. Мындай ракеталарды колдонуу үчүн да АКШнын уруксаты керек, анткени бутаны аныктоодо АКШ чалгын кызматынын маалыматтары колдонулат жана Storm Shadow ракеталарынын өзүндө да америкалык компоненттер бар экенин The Wall Street Journal жазган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз