Өткөн жылы Түркияга 62 млн турист келип, өлкө 61 млрд доллар киреше тапты

 
2024-жылы Түркия 62,2 миллион туристти тосуп алып, өткөн жылга салыштырмалуу 9,8% өсүшкө жетишти. Бул көрсөткүч пандемияга чейинки 2019-жылга карата 20,3% жогору. Ошентип, Түркия 2024-жылдын башында жарыялаган 60 миллион туристтик максатынан жана октябрда жаңыртылган 61 миллион көрсөткүчүнөн ашып өттү.
 
Туризмден түшкөн киреше 61,1 миллиард долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 8,3% көбөйдү. Ошентип, 2024-жыл Түркиянын туризм тарыхындагы эң ийгиликтүү жыл болуп калды.
 
Түркиянын негизги туристтик базарлары – Европа, Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өз ордун сактап калса, Америка, Индия жана Кытай сыяктуу жаңы рыноктор чоң өсүш көрсөттү. Россия, Германия жана Улуу Британия Түркиянын эң ири туристтик булак өлкөлөрү бойдон калды. Ошол эле учурда, АКШдан келген туристтердин саны 8,1%, Кытайдан – 65,1%, ал эми Индиядан – 20,7% көбөйдү.
 
2024-жылы кыргызстандыктар арасында да Түркияга болгон кызыгуу жогорулады. Өлкөгө Кыргызстан жарандарынын саны 2023-жылга салыштырмалуу 8,4% өсүп, 184миң 174 адамга жетти.
 
Түркияга келген чет элдик туристтер орточо 10,7 күн болуп, бир туристке туура келген киреше 972 АКШ долларын түздү. UN Tourism уюмунун маалыматына ылайык, Түркия дүйнөдөгү эң көп барган беш туристтик багыттын катарына кирет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз