Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Шайлообек Атазов жана башка саясатчылар СИЗО-1ге камалды

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту 23-ноябрда саясатчыларга жана активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

24-ноябрда «Сводка АКИpressке» Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул адамдардын баары КР Жазык кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 36-берененин 1-бөлүгү жана 278-беренеси («Массалык баш аламандыкты уюштурууга даярданууну уюштуруу») боюнча шектелүүдө.

СИЗО-1ге 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алынгандар:

мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев;

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков;

анын айдоочусу Эрмек Эрматов;

ГКНБнын 9-кызматынын (Мамлекеттик Көзөмөл кызматы) мурунку жетекчиси;

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Шайлообек Атазов;

мурунку депутат Кубанычбек Кадыров;

мурунку саясатчы Урматбек Барыктабасов;

жана башка адамдар.

ИИМдин версиясы боюнча, шектүүлөр Жогорку Кеңешке болгон шайлоодон кийин массалык баш аламандык чыгарууга даярданышкан. Тергөөнүн маалыматына караганда, бул топко саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурунку мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кирген. Алар өздөрүнө тарапташтарды, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жана спорттук топтордун өкүлдөрүн тарткан.

«Шектүүлөр шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкө боюнча, алгач түштүктөн баштап, андан соң Бишкекте жана облустарда бир катар митингдерди уюштурууну пландашкан. Мунун баары массалык нааразычылык бардай көрүнүш түзүү максатын көздөгөн. Алардын пландарында антиконституциялык чакырыктар, ошондой эле мамлекеттик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объектилерин, курал-жарактарды жана пенитенциардык мекемелерди басып алуу ыктымалдыгы да каралган.

Топтун так иерархиясы жана ролдордун бөлүштүрүлүшү болгон. «Координациялык топтор» саясий талаптарды коюп турушса, криминалдык түзүмдөр күч колдонуу жагын камсыздамак. Айрым катышуучулар болочоктогу кызматтарды алдын ала өз ара бөлүшүп алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз