Таалатбек Масадыков 2026-жылдын январынан тарта ЖККУнун башкы катчысы болуп Имангали Тасмагамбетовдун ордуна келет
1-январдан тарта Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы алмашат. Казакстандык Имандос Тасмагамбетовду кыргызстандык Таалатбек Масадыков алмаштырарын РФ президентин жардамчысы Юрий Ушаков брифингде билдирди (ТАСС).
Таалатбек Масадыков учурда ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштейт.
Орусиялык лидердин жардамчысы билдиргендей, Тасмагамбетов саммитте «Эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери жана сессиялар арасындагы мезгилде ЖККУнун негизги иштери» тууралуу доклад жасайт.
Ушаковдун айтымында, бардык процедуралар бүткөндөн кийин саммитте кызматын тапшырып жаткан башкы катчы Тасмагамбетевди ЖККУнун 1-даражадагы ардак белгиси менен сыйлоо аземи өтөт. Бул үчүн тиешелүү чечим кабыл алынган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



