АКШ: Ак үйдүн жанындагы ок атууга шектелген жаран мурда АКШнын атайын кызматы менен кызматташкан
29 жаштагы афганистандык Рахманулла Лаканвал — Ак үйдүн жанында Улуттук гвардиянын аскерлерине ок аткан деп шектелип жаткан адам — мекенинде АКШ өкмөтү, анын ичинде ЦРУ менен кызматташкан. Бул тууралуу аталган ведомствонун директору Жон Рэтклифф билдиргенин CNN жазды, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
«АКШнын 46-президенти Жо Байдендин Ооганстандан аскерлерди өтө начар чыгарганынын кесепетинен, бул адамдын 2021-жылдын сентябрында АКШга кириши анын мурдагы АКШ өкмөтү менен, анын ичинде ЦРУ менен Кандагарда өнөктөш күчтөрдүн курамында иштегени мүмкүн болгон. Ал кызмат башаламан эвакуациядан көп өтпөй токтотулган», — деди Рэтклифф.
Reuters агенттиги белгилегендей, Лаканвал АКШга афгандыктарды көчүрүп келүүгө арналган атайын программа аркылуу келген. Бул программа өлкөдө америкалыктарга жардам бергени үчүн талибдер тарабынан куугунтукталуу коркунучу бар миңдеген адамдарды кабыл алууну көздөгөн. Жалпы ушул программа боюнча 70 миңден ашуун адам АКШга келип конуш алган.
Колумбия округунун прокурору Жанин Пирронун айтымында, Лаканвал жубайы жана беш баласы менен Вашингтон штатынын Беллингхем шаарында жашаган. Ак үйдүн жанында ок атууну уюштурардан мурун ал өз унаасы менен өлкөнү батыштан чыгышка чейин кесип өткөн.
Лаканвалга “өлтүрүү максатында куралдуу кол салуу” беренеси боюнча айып коюлду. Эгерде жаракат алган Улуттук гвардиянын аскерлеринин бири каза болуп калса, бул айып «биринчи даражадагы киши өлтүрүү» болуп кайра квалификацияланат деп кошумчалады прокурор.
АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди мурда Fox News каналына берген маегинде, бийлик Лаканвалга терроризм боюнча айып тагууну жана ага «кеминде» өмүр бою түрмө жазасын берүүнү көздөп жатканын билдирген.
Окуя 26-ноябрда Ак үйдүн жанында болгон. Шектүү Рахманулла Лаканвал АКШнын Улуттук гвардиясынын эки аскерин жарадар кылып, өзү да жооп катары атылган октон улам жаракат алган. Шектүү да, аскерлер да учурда оорканаларда дарыланууда.
Вашингтондогу атышуудан кийин АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы ооган жарандарына байланышкан бардык өтүнүчтөрдү мөөнөтсүз токтотуп турганын жарыялады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



