Ош облустук милициясы шайлоого байланыштуу жалпы 73 материал катталганын билдирди

2025-жылдын 1-декабрь саат 08:00 гө карата жалпы Ош ОИИБге караган түзүмдөргө шайлоого байланыштуу 73 материал катталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  73 иштин ичинен 2  кылмыш иши козголуп, 1 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү,  1 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.  2 материал каралууда. 1 материал аймактык караштуулугу боюнча жөнөтүлгөн. 
Ал эми калган 68 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечим кабыл алынган.

"Шайлоого байланышкан мыйзам бузуучулук жөнүндөгү маалыматтар боюнча тергөө-ыкчам тобу тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Шайлоо тынч өттү одоно түрдө мыйзам жана тартип бузуучулук болгон жок. Кызматкерлер 2025-жылдын 2-декабрына чейин “Жогорулатылган” күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөшөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз