Окуучулардын кышкы эс алуусу канча күнгө созулары белгилүү болду
Окуучулардын кышкы каникулу 12 календардык күнгө созулат.
Агартуу министрлиги бекиткен графикке ылайык, кышкы каникулдар 2025-жылдын 31-декабрынан башталып, 2026-жылдын 11-январына чейин уланат.
Сабактар 12-январда башталат.
12 жылдык мектептеги 6 жаштан мектеп босогосун аттаган башталгыч класстын окуучуларына II жана III чейректерде кошумча эс алуу мезгили сунушталат — 2025-жылдын 24-декабрынан 2026-жылдын 18-январына чейин.
Ал эми 2-класстын окуучулары үчүн III чейректеги каникул дагы кошумча бир жумага узартылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



