Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылы үчүн эс алуу күндөрүнүн графигин бекитти
Билим берүү министрлиги 2025-2026-окуу жылы үчүн мектептик каникулдардын графигин бекитти.
Графикке ылайык:
Күзгү каникулдар — 5 календардык күн: 2025-жылдын 5-ноябрынан 9-ноябрына чейин, окуу 10-ноябрда башталат.
Кышкы (майрамдык) каникулдар — 12 календардык күн: 2025-жылдын 31-декабрынан 2026-жылдын 11-январына чейин, окуу 12-январда башталат.
Жазгы каникулдар — 3 календардык күн: 2026-жылдын 6-мартынан 8-мартына чейин, окуу 9-мартта башталат.
Май айындагы (майрамдык) каникулдар — 10 календардык күн: 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, окуу 11-майда башталат.
Кошумча каникулдар:
12 жылдык мектептеги 6 жаштагы 1-класстын окуучулары үчүн II жана III чейректерде кошумча эс алуу мезгили сунушталат — 2025-жылдын 24-декабрынан 2026-жылдын 18-январына чейин.
2-класстын окуучулары үчүн III чейректеги каникул бир жумага узартылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.