Кыргызстандын тышкы карызы ИДПнын 37%ына чейин кыскарды, - Каржы министри
Каржы министри Алмаз Бакетаев «Номад» телеканалына берген маегинде Кыргызстандын тышкы карызы ИДПнын 37%ына чейин кыскарганын билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч мамлекеттик каржы саясатынын маанилүү жетишкендиги болуп саналат.
Бакетаев белгилегендей, мындай прогресске өлкө президентинин тышкы карызды азайтуу боюнча берген тапшырмасынын алкагында акыркы 4 жылда жетишилди.
Анын маалыматына караганда, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) баштаган алдыңкы эл аралык каржы институттары жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы туруктуу деп табылды.
«Бизде карыздык милдеттенмелер боюнча эч кандай кечигүүлөр жок. Мындан тышкары, өлкөдө карыздын бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөп салууга мүмкүнчүлүк бар, бирок бул жаатта шашылган чечимдер азырынча максатка ылайык болбойт», — деди министр.
Алмаз Бакетаев жарандарга өлкөнүн тышкы карыздары боюнча кабатырланбоого чакырып, абал толук көзөмөлдө экенин ишендирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



