Ошто аң уулоо эрежелерин бузгандарга 37 миң сом айып пул салынды
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу “15 жаш” жайлоосунда аң уулоо эрежелерин бузган 3 жаран кармалды. Мыйзамга ылайык, алардын ар бирине 12 500 сомдон, жалпы: 37 500 сом административдик айып пул салынды, деп билдирди NABU Кыргызстан уюмунун басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, бул факт NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобунун кызматкерлери Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана башкармалыктын биотүрдүлүк бөлүмүнүн егери менен биргеликте өткөргөн мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү рейдинин алкагында аныкталды.
"Аталган рейд 6-8-декабрь күндөрү Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондорунда өткөрүлдү. Анын алкагында, эл арасында жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери да жиргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



