Алайдагы жол кырсыгы жубайлардын өмүрүн алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Алай районунда оор жүк ташуучу автоунаа менен жеңил автоунаа кагышып, эки адам каза болду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
 
Маалыматка караганда, 6-декабрь күнү саат 14:40 чамасында Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн Таргалак (Ош-Сары-Таш-Эркачтам жолунун 112-чакырымы) айылында "ДАФ ХР" оор жүк ташуучу унаасын, "Дэу Матиз" унаасы артынан сүзүп алган. 
 
Натыйжада "Дэу Матиз" унаасынын айдоочусу, 54 жаштагы  Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын тургуну Ч.Э., анын жубайы 50 жаштагы А.И. ооруканага жетпей каза болгон.
 
Оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнүн Ташлак айылынын 1986-жылкы тургуну А.П. болгон. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз