Ташиев кудагыйы УКМКнын абагында отурганын билдирди
Министрлер кабинетинин төрага орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 9-декабрда «Регион-ТВга» берген маегинде, анын кудагыйы (улуу агасынын баласынын кайненеси) учурда УКМКнын СИЗОсунда кармалып турганын билдирди.
Анын айтымында, ал аял 2022–2023-жылдары жасалган кылмыштарга шектелүүдө.
Ташиевдин сөзүнө караганда, бул маселе боюнча ага туугандары, анын ичинде бир тууган агасы менен жээни да кайрылышкан. «Мен эч кимге жол берген жокмун. Ал (кудагый) камакта отурат, мыйзам чегинде жазасын алат. Эгер мындай болбой калса, анда башка адамдар мага ишенбей калышат», — деди УКМК төрагасы.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



