Украина тынчтык планы боюнча өзүнүн версиясын АКШнын администрациясына берди

Украина бийлиги орус-украин жаңжалын токтотууга багытталган АКШнын акыркы тынчтык планы боюнча өз жоопторун АКШ президентинин администрациясына тапшырды. Бул тууралуу Axios басылмасы америкалык жана украиналык аткаминерлерге таянып жазды.

«РБК-Украина» басылмасынын булагы билдиргендей, Киев Вашингтонго «жаңыланган тынчтык планын» жөнөттү.

Axios’тун маалыматына караганда, Украина АКШнын администрациясынын сунуштары боюнча кенен жооп берген. Мунун алдында Киев европалык союздаштары менен кеңешмелерди өткөргөн. Украинанын башкы сүйлөшүүчүсү Рустем Умеров жооп катын АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнерге жиберген.

Украиналык аткаминердин айтымында, жоопто сунуштарды ишке ашырууга мүмкүн болушу үчүн комментарийлер жана түзөтүүлөр камтылган. Ошондой эле Украина территорияларга байланышкан маселелерди жана Орусия басып алган Запорожье АЭСинин статусу боюнча жаңы идеяларды сунуштаганын белгилеген.

АКШ жана Украинанын жогорку кызматтагы аскерий өкүлдөрү 11-декабрда онлайн жыйын өткөрүп, АКШнын тынчтык планынын айрым деталдарын талкууну улантары күтүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз