Кыргызстанда акыркы 10 жылда жок болуп кеткен суусардын бар экени тастыкталды,- Жаратылыш министрлиги

Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстанда соңку он жылдыкта биринчи жолу ортоазиялык дарыя суусарынын (выдра) бар экени тастыкталганын билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, суусарды жаратылыш паркындагы «Хан-Теңири» аймагында, Казакстан менен чектешип аккан Турук дарыясында министрликтин кызматкерлери Кочорбай Солтонбеков жана Азамат Бейшекеев видеого тартып алышкан.

«2023–2025-жылдары Кызыл-Суу, Чаткал, Түп, Көкөмерен жана Чүй дарыяларында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө суусардын жашоосуна тиешелүү белгилер аныкталган эмес. Бул Кыргызстанда аталган түр жоголуп кетиши мүмкүн деген кооптонууну жараткан. Бирок жаңы видео далил бул жаныбардын Казакстандын аймагынан өтүп келиши мүмкүн деген божомолду тастыктап турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Жаратылыш ресурстары министрлиги Турук дарыясынын нугу боюнча кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл экенин белгиледи. Анын максаты — байкалган суусар жалгыз мигрантпы же аймакта бул түрдүн туруктуу популяциясы сакталып калганбы, тактоо.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз