Зеленский: Аймактарды бөлүштүрүү боюнча азырынча АКШ менен ар түрдүү көз караштабыз

Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык келишиминин алкагында аймактарды бөлүштүрүү маселеси боюнча Киев менен Вашингтондун позициялары азырынча дал келбей турганын Украина президенти Владимир Зеленский Берлинде америкалык делегация менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы  «Украинанын чындыгы» басылмасына шилтеме берүү менен жазды.

Украина лидери белгилегендей, тынчтык планынын алкагында талкууланып жаткан маселелердин баары эле оңой эмес. Айрыкча аймак маселеси Украина үчүн «принципиалдуу жана оор» тема болуп саналат.

«Аймактар боюнча диалог жетишерлик болду. Азырынча позицияларыбыз ар башка деп ойлойм. Бирок кесиптештерим менин жеке позициямды угушту деп ишенем», — деди Зеленский Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен биргелешкен маалымат жыйында.

Украина президенти сүйлөшүүлөрдүн бардык катышуучулары Украинаны урматтоо менен, согушту токтотууга жакындата турган чечимдерди табуу үчүн жемиштүү иштөөгө даяр экенин кошумчалады.

"АКШнын делегациясы Украинадан Орусиянын пайдасына аймактык чегинүүгө барууну талап кылдыбы?" деген суроого Зеленский:
«АКШ бизден бир нерсе талап кылды деп эсептебейм», — деп жооп берди.

Буга чейин батыш басылмалары, анын ичинде AFP агенттиги, булактарына таянып, Берлиндеги сүйлөшүүлөрдө америкалык делегация украин аскерлерин Донецк облусунан чыгарып кетүүнү талап кылганын жазышкан.

«Мен АКШны биздин стратегиялык өнөктөш катары кабыл алам. Ошондуктан муну мындайча айтмакмын: аймак маселеси боюнча орусиялык көз карашты же Орусиянын талаптарын биз АКШ аркылуу уктук. Биз муну Орусиянын талаптары катары кабыл алабыз», — деп кошумчалады Зеленский.

Украина жана АКШнын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү Берлинде 14–15-декабрда өттү. Жолугушууда Киев менен Москванын ортосунда тынчтыкка жеткирүүгө тийиш болгон планын деталдары, ошондой эле Украинанын коопсуздук кепилдиктери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар «олуттуу прогресс» болгонун билдирип, жолугушууну «жемиштүү» деп баалашты.

Жыйынтыгында батыш басылмалары атын атагысы келбеген америкалык аткаминерлерге таянып, АКШ президенти Дональд Трамп Берлиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ыраазы болгонун, тараптар «маселелердин 90 пайызын» чечүүгө жетишкенин жазышты. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Украинанын коопсуздугу үчүн НАТОнун уставындагы бешинчи берене үлгүсүндөгү кепилдиктер пакетин иштеп чыгышканы кабарланды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз