Кытай номурлуу автоунаалар Кыргызстанда канча убакыт жүрө алат?

Акыркы учурда Кыргызстанда жол кыймылына катышып жүргөн Кытай Эл Республикасына таандык мамлекеттик номурлуу автоунаалар көп байкала баштады. Бул тууралуу социалдык тармактарда да бир нече жолу жазылды. Ушуга байланыштуу "Tazabek" басылмасы Мамлекеттик бажы кызматына кайрылып, тактоо иштерин жүргүзгөн.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ЕАЭБге мүчө болбогон мамлекетте катталган жеке пайдалануудагы транспорт каражаттары Кыргызстандын аймагында бир жылдан ашпаган мөөнөткө гана жүрө алат.

«ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264-беренесине ылайык, Союзга мүчө эмес мамлекеттерде катталган, чет өлкөлүк жарандарга таандык жеке пайдалануудагы транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагына убактылуу алып кирүүгө бир жылдан ашпаган мөөнөткө уруксат берилет», — деп айтылат расмий жоопто.

Мындан тышкары, Tazabek 2025-жылдын 19-ноябрында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына (ГУОБДД) расмий суроо жөнөткөн. "Анда «Коопсуз шаар» системасы Кытайдын мамлекеттик номурлары бар автоунаалар тарабынан жасалган жол эрежелеринин бузулушун каттай алабы?" деген суроо коюлган. Бирок бул суроого азыркыга чейин жооп келе элек.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтык системасына ылайык, 2025-жылдын башынан 20-ноябрына чейин «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрмө пункттары аркылуу Кытай жарандары тарабынан 5 656 автоунаа убактылуу алып кирилген. Алардын ичинен 3 827 транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен.

Ошондой эле ведомстводо эске салынгандай, 2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу тууралуу келишимди күчүнө киргизген, буга байланыштуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында бажы көзөмөлү жоюлган.

«Ошондуктан Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик номурлары менен Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөн транспорт каражаттары боюнча толук маалымат алуу үчүн КР УКМКнын Чек ара кызматына кайрылуу зарыл», — деп жыйынтыктады Мамлекеттик бажы кызматы.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз