АКШ Тайванга 11,1 млрд долларлык курал-жарак сатууга уруксат берди
АКШнын өкмөтү Тайванга жалпы баасы болжол менен 11,1 млрд долларды түзгөн бир нече курал-жарак пакетин сатууга макулдук берди. Бул тууралуу Focus Taiwan маалымат порталы жазды.
Маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан сегиз пакеттин курамына M109A7 үлгүсүндөгү өзү жүрүүчү гаубицалар, HIMARS реактивдүү залптык ок атуу системалары, TOW 2B танкка каршы ракеталык комплекстери, учкучсуз учуучу аппараттар, ошондой эле FGM-148 Javelin танкка каршы системалары кирет.
Белгиленгендей, бул АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин анын администрациясы тарабынан Тайванга курал сатуу боюнча жасалган экинчи расмий билдирүү болуп саналат.
Тайвань 1949-жылдан бери өз алдынча администрациянын башкаруусунда. Ал жылы Кытайдагы жарандык согушта жеңилгенден кийин Чан Кайши баштаган Гоминьдан күчтөрү аралга чегинген. Пекин Тайванды Кытай Эл Республикасынын бир бөлүгү катары эсептейт. Бул позицияны дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинде Орусия да колдойт.
АКШ 1979-жылы Тайбэй менен дипломатиялык мамилелерин үзүп, КЭР менен расмий алака түзгөн. Ошол эле маалда Вашингтон расмий түрдө «бир Кытай» саясатын карманганын билдирип келгени менен Тайвандын администрациясы менен байланышын улантып, аралга курал-жарак жеткирүүнү улантып келет. Кытай тараптын баалоосуна ылайык, акыркы жылдары Тайванга берилген америкалык аскердик жардамдын жалпы көлөмү 70 млрд доллардан ашкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



