"Акылман" президенттик лицейи өлкөнүн бардык аймактарында ачылат

Президент Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейи тууралуу жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, лицейдин каржылоосу республикалык бюджеттин, Президенттик фонддун каражаттарынын, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

Жарлыкта анын жоболорун ишке ашырууда Кыргызстан катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер эске алынары такталган.

«Акылман» лицейи 2023-жылы Чолпон-Ата шаарында ачылган. Учурда Талас жана Жалал-Абад облустарында да ушундай лицейлердин курулушу жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, мындан ары мындай лицейлер өлкөнүн бардык облустарында ачылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз