Трамп АКШнын рекорддук 901 млрд долларлык коргоо бюджетине кол койду
АКШнын президенти Дональд Трамп 2026-финансылык жылга карата улуттук коргонуу боюнча мыйзамга кол койду. Аталган мыйзамдын жалпы көлөмү 901 млрд долларды түзөт. Документ 17-декабрда АКШ Конгресси тарабынан жактырылган.
Ак үйдүн билдирүүсүндө бул бюджет Пентагонго «Күч аркылуу тынчтык» стратегиясын ишке ашырууга, өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө жана аскердик-өнөр жай базасын чыңдоого шарт түзөрү белгиленген.
Мыйзамга ылайык, 2026 жана 2027-жылдары Украинага колдоо көрсөтүү үчүн жыл сайын 400 млн доллардан бөлүү каралган. Ошол эле учурда, АКШнын коргоо министри Украинага берилүүчү чалгындоо маалыматтары убактылуу токтотулган же толугу менен токтотулган учурлар боюнча Конгрессти маалымдап турууга милдеттендирилет.
Эске салсак, АКШнын 2025-финансылык жылга карата аскердик бюджети 884 млрд долларды түзгөн. Жаңы мыйзам коргонуу тармагына бөлүнгөн каражаттардын ырааттуу түрдө өсүп жатканын тастыктайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



