УКМК Чүй районунун акими Русланбека Тагаевди кармады
Чүй облусунун Чүй районунун акими Т.Р.Т. кармалды. Бул тууралуу 22-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармоо 16-декабрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, кум-шагыл аралашмасын (ПГС) казууга мыйзамсыз уруксат берүү фактысы иликтенип жаткан.
УКМКнын маалыматына караганда, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы «Т.Р.Т.» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомунун талаптарын бузган. Аталган токтомго ылайык, дарыянын нугундагы ПГС казууга берилген лицензиянын аянты 0,1 гектардан ашпоого тийиш. Бирок иш жүзүндө 20 гектар жер тилкесин пайдаланууга уруксат берилген.
Мындан тышкары, Чүй районунун акими «Т.Р.Т.» айрым ишкердик субъекттери менен кылмыштуу бүтүмгө барып, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыгын көздөп, өлкөнүн мыйзамдарын одоно бузуу менен тиешелүү күбөлүктөрдү берүүгө көрсөтмө бергендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, 2025-жылдын 16-декабрында Чүй районунун учурдагы акими «Т.Р.Т.» Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын СИЗО ИВСине камакка алынган.
Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



