Келерки жылдан баштап ЕАЭБте навигациялык пломбаларды акырындык менен киргизүү башталат, - Путин
Келерки жылдан тартып Евразиялык союзда жүктөрдү мүчө мамлекеттердин аймагында реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген навигациялык пломбаларды этап-этабы менен киргизүү башталат. Бул логистикалык операциялардын максималдуу ачык-айкындуулугун камсыз кылат. Бул тууралуу 21-декабрда, Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.
«Евразиялык экономикалык союздагы өнөктөштөргө Орусия менен Беларусь түзгөн Союздук мамлекеттин алкагында колдонулуп жаткан электрондук транспорттук коштомо кагаздардын тажрыйбасына да көңүл бурууну сунуштайбыз. Алардын колдонулушу жүк ташууну кыйла жеңилдетип, товарларды ташууда жана текшерүүдө кетчү чыгымдарды азайтууга жардам берди», — деди Орусиянын президенти.
Путиндин айтымында, интеграциянын келечектүү багыттарынын бири — туризм.
«Бүгүн биз кабыл алып жаткан бул багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы Евразиялык союздун ичиндеги туристтик агымды көбөйтүү боюнча так багыттарды камтыйт. Чек ара аралык жана эл аралык жаңы туристтик маршруттарды түзүү пландалууда», — деп кошумчалады ал.
Тышкы кызматташтык тууралуу сөз кылып жатып, ал быйыл Иран менен эркин соода тууралуу макулдашуу күчүнө киргенин эске салды.
«Бириккен Араб Эмираттары жана Монголия менен жаңы соода келишимдери түзүлдү. Жакын арада Евразиялык союз менен Индонезиянын ортосунда да ушундай эле документке кол коюлат. Бул келишим товарлардын 90 пайыздан ашыгына жана өз ара товар жүгүртүүнүн 95 пайызына карата эркин соода режимин орнотот. Натыйжада Евразиялык “бештиктин” өлкөлөрү Азиядагы жана дүйнөдөгү эң ири, эң ыкчам өнүгүп жаткан экономикалардын бири менен кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң мүмкүнчүлүк алышат. Евразиялык союзда өндүрүлгөн продукциянын Азия-Тынч океан аймагындагы кең рынокторго кирүү шарттары кыйла жакшырмакчы», — деди Путин.
Жалпысынан алганда, Евразиялык союздун бирдиктүү экономикалык мейкиндиги, буга чейин түзүлгөн преференциялык келишимдер жана КМШнын эркин соода аймагы 730 миллион керектөөчүнү камтыган ири рынокту түзөт.
«Ошондой эле учурда Индия менен преференциялык келишим даярдалып жатат. Бул — эгемен тышкы саясат жүргүзгөн, ишенимдүү өнөктөш, рыногу 1,5 миллиард адамды түзгөн жана ИДПсы болжол менен 4 триллион долларга жеткен өлкө. Келишимдин тексти боюнча биринчи консультациялык раунд бир ай мурда өттү. Жакында Нью-Делиге жасаган мамлекеттик сапарыбыздын жүрүшүндө индиялык тарап бул маанилүү документти макулдашуу процессин ылдамдатууга даяр экенин билдирди», — деди ал.
Бүгүн Жогорку кеңештин кароосуна ошондой эле Өзбекстан менен Евразиялык союздун бажы чек араларынан өткөрүлүп жаткан товарлар жана транспорт каражаттары боюнча маалымат алмашуу тууралуу келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими чыгарылды.
«Бул — толук мыйзам ченемдүү кадам. Анткени Евразиялык союздун бардык мамлекеттери өзбекстандык достор менен эң тыгыз коңшулук мамилелерди жана жигердүү соода-экономикалык байланыштарды колдоп келишет», — деп жыйынтыктады Владимир Путин.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


