Кыргызстанда пенсияларды бөлүштүрүүнүн жаңы системасы киргизилет

Кыргызстанда пенсия дайындоонун жаңы системасы киргизилет. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Социалдык фонддо кызматтарды санариптештирүү боюнча бир нече багыт ишке ашырылууда. Алар:
пенсияны текшерүү;
пенсияны төлөө;
персонификацияланган эсепке алуу;
кирешелерди эсепке алуу.

«Бүгүнкү күндө пенсияларды төлөө процесси толугу менен санарип форматка өткөрүлдү. Учурда иш үч блок боюнча жүргүзүлүп жатат. Программа даяр, ал 2026-жылдын 1-июлуна чейин ишке кирет. “Проактивдүү дайындоо” деген түшүнүк бар — мында жарандар Социалдык фондго өзү келип кайрылбай эле, пенсия дайындалып калат», — деди Бактияр Алиев.

Ал белгилегендей, бардык кызматтарды жеке кабинет аркылуу алуу мүмкүн болот. Жарандар тууралуу бардык маалыматтар санариптештирилген, ошондой эле жеке кабинеттен пенсия кайсы банк аркылуу алынарын да көрсөтүүгө шарт түзүлөт.

«Система толугу менен санарип форматка өтөт», — деп кошумчалады ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз