Кыргызстандын чемпионаты: Асан Жанышов финалда күрөшүүдөн баш тартты

Бишкек шаарында 22–23-декабрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү.

Мелдештин алкагында жалпы 10 салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулду.

97 кг салмак даражасында финалга чоңдор арасында 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Асан Жанышов жана Мелис Айтбеков чыкты.

20 жаштагы Асан Жанышов алтын медаль үчүн күрөшүүдөн баш тартып, жеңишти 29 жаштагы атаандашы Мелис Айтбековго ыйгарды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз