Латвия Орусия менен чек аралаш аймагына 280 чакырымга созулган тосмо орнотту

9-декабрда Латвия Орусия менен чектешкен чек арасына 280 чакырымдык тосмо (забор) куруп бүткөнүн билдирди. Мамлекеттик Valsts Nekustamie Ipašumi (VNI) компаниясынын маалыматына ылайык, техникалык мүмкүнчүлүк болгон бардык аймактарда үзгүлтүксүз коргонуу тосмосу орнотулган.

Латвиянын ички иштер министри Рихард Козловскис чек арада жогорку технологиялуу жабдууларды орнотуу иштери улантылып жатканын айтты.

«Негизги максатыбыз — Евробиримдиктин чыгыш чек арасында заманбап чек ара коопсуздук системасын түзүү», — деди министр.

VNI компаниясы кошумчалагандай, чек ара тилкесинде инфраструктураны өнүктүрүү иштери да жүрүп жатат. Анын ичинде күзөтчүлөр үчүн жолдор, жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөр жана башка инженердик курулуштар салынууда.

Балтия өлкөлөрү — Латвия, Литва жана Эстония — Орусия менен чектешкен аймактарында тосмолорду куруп жатышат же курулушту аякташкан. Мындай эле коргонуу тосмосун Финляндия да куруп жатат.

Ошондой эле Латвия 2024-жылдын июль айында Беларусь менен болгон чек арасына 145 чакырымдык тосмонун курулушун аяктаган

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз