Трамп Зеленскийндин билдирүүсүн сындады. Зеленский украин элине чыныгы тынчтык керек экенин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «тынчтык келишими дагы деле абдан, абдан алыс» деген сөздөрүн сындап, бул Украинанын президентинин эң начар билдирүүсү экенин айтты.
«Бул Зеленский жасай турган эң начар билдирүү, жана Америка муну көпкө чыдап карап турбайт! Мен буга чейин эле айткандай, бул жигит Американын колдоосу бар болгуча тынчтык болушун каалабайт. Ал эми Европа Зеленский менен жолугушууда түздөн-түз айтып койду – алар бул ишти АКШсыз бүтүрө алышпайт. Бул, балким, Россияга каршы күч көрсөтүү жагынан эң жакшы билдирүү эмес. Алар эмне деп ойлошот?» – деп жазды Трамп TruthSocial социалдык түйүнүндө.
Трамп өзүнүн билдирүүсүнө Associated Press (AP) агенттигинин 3-марттагы макаласына шилтеме кошту. Бул макала «Зеленский согуштун аягы дагы деле “абдан, абдан алыс” экенин айтты» деген аталышта жарыяланган. Анда Зеленский согушту токтотуу боюнча келишим али алыста экенин белгилеп, АКШнын колдоосу уланат деп үмүттөнөрүн билдирген. Ошондой эле, макалада Зеленский менен Трамптын ортосундагы пикир келишпестиктер жөнүндө да айтылган.
«Менимче, биздин мамилебиз улана берет, анткени бул жөн гана убактылуу кызматташтык эмес», – деп Зеленскийдин сөзүн келтирген AP.
Трамптын сынынан кийин Зеленский согушту мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүгө чакырды.
«Биздин дипломатия чындап маанилүү болушу абдан зарыл, ошондуктан согушту мүмкүн болушунча эртерээк токтотушубуз керек. Бизге чыныгы тынчтык керек, жана аны эң көп каалагандар – украиналыктар, анткени согуш биздин шаарларыбызды, айылдарыбызды кыйратып жатат. Биз адамдарды жоготуп жатабыз. Согушту токтотуп, коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүүбүз. Биз Америка жана Европа өнөктөштөрүбүз менен иштеп жатабыз жана АКШнын колдоосуна чоң үмүт артабыз. Бизге тынчтык мүмкүн болушунча эртерээк керек», – деп жазды Зеленский.
Вашингтон менен Киевдин мамилеси 28-февралда Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунан кийин начарлай баштаган. Жолугушуу ачык талаш-тартышка айланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.