Трамп Венесуэланын убактылуу президентин коркутту

Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригес АКШ менен кызматташуудан баш тартса, «абдан жогорку баа төлөйт». Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди.

«Эгер ал туура чечим кабыл албаса, ага абдан жогорку баа төлөөгө туура келет. Балким, Мадуродон да оор болот», — деди Трамп The Atlantic журналына берген телефон маегинде.

Басылманын белгилешинче, Трамптын бул ачык коркутуусу аркылуу Родригестин АКШ менен кызматташуудан «баш тартуусуна» чыдабай турганын так көрсөттү.

Ушул эле маегинде АКШ президенти коргонуу максатында Америка Кошмо Штаттарына Гренландияны көзөмөлдөө зарыл экенин да кошумчалады.

Буга чейин The New York Post басылмасына берген маегинде Трамп Родригес «биз каалагандай иш алып барса», АКШнын Венесуэлада аскерий катышуусунун кереги жок экенин айткан.

5-январда Делси Родригес Дональд Трампка кайрылып, венесуэлалыктар «согушту эмес, тынчтыкты татыктуу» экенин билдирди. Анын бул билдирүүсүн Correo del Orinoco гезити келтирди.

«Бул ар дайым президент Николас Мадуронун позициясы болгон жана азыр бардык венесуэлалыктардын да көз карашы ушундай. Бул — мен ишенген Венесуэла, өмүрүмдү арнаган өлкө. Менин кыялым — Венесуэла улуу держава болуп, бардык ак ниет венесуэлалыктар бириге алган мамлекетке айланышы», — деди ал.

Родригестин айтымында, Каракас үчүн АКШ, ошондой эле аймактагы башка өлкөлөр менен «тең салмактуу жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди түзүү» артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

«Биз АКШ өкмөтүн эл аралык укуктун алкагында, жалпы өнүгүүгө багытталган кызматташтык программасын биргелешип иштеп чыгууга жана бекем тынч жашоону чыңдоого чакырабыз», — деди Венесуэланын убактылуу лидери.

Ал Венесуэла тынчтыкты жана тынч жашоону бекем карманарын баса белгиледи.

«Биздин өлкө тышкы коркунучтардан эркин, өз ара сый-урматка жана эл аралык кызматташтыкка негизделген тынч чөйрөдө жашоого умтулат. Биз глобалдык тынчтык ар бир өлкөнүн ичиндеги тынчтыкты камсыз кылуудан башталат деп эсептейбиз», — деп кошумчалады Родригес.

«Венесуэла тынчтыкка, өнүгүүгө, эгемендүүлүккө жана келечекке укуктуу», — деп жыйынтыктады ал.

3-январда Венесуэланын Жогорку соту вице-президент Делси Родригести мамлекеттин убактылуу башчысы кылып дайындаган. Бул АКШнын атайын күчтөрү Каракаста президент Николас Мадурону жана анын жубайы Силия Флорести кармап, аларды Венесуэладан Нью-Йоркко алып кеткенден кийин болгон. АКШ бийлиги Мадурону «наркотерроризм» боюнча айыптап, сотко тартууну көздөп жатат.

Каракастагы аскерий операциянын жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында Дональд Трамп Венесуэланы убактылуу башкаруу анын администрациясы тарабынан жүргүзүлөрүн — «коопсуз, туура жана акылга сыярлык бийлик өткөрүп берүү» болгонго чейин — билдирди. Анын айтымында, Делси Родригес жеке сүйлөшүүлөрдө АКШ менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Бирок көп өтпөй Венесуэланын убактылуу президенти мамлекеттик телеканал аркылуу чыгып, «АКШнын аскерий агрессиясын» кескин айыптап, өлкөнүн жалгыз мыйзамдуу президенти катары Николас Мадурону атады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз