Аскер прокуратурасы аскер кызматкеринин өлүмүнө шектеп башка аскер кызматкерин кармады

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 6-январда «Сводка АКИpress» редакциясына Аскер прокуратурасынан билдиришти.

Аталган окуя Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») боюнча каттоого алынган.

Шектүү катары 2006-жылы туулган М.М. аттуу аскер кызматкери кармалып, Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына (ИВС) киргизилди.

«Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Мындан тышкары, иликтөөнүн жүрүшүндө ЖАМКнын (ГСИН) ДОК мекемесинин кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилет. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда», — деп белгилешти Аскер прокуратурасынан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз