Декларация-2024: Садыр Жапаров бир жылда канча акча тапкан?
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары боюнча жыйынтык маалыматты жарыялады.
Берилген маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдагы кирешеси 2 млн 214 миң 482,38 сомду түзгөн. Чыгашалар көрсөтүлгөн эмес.
Президенттин менчигинде аянты 2627 чарчы метр болгон бизнес-борбор, Ысык-Көл облусунун Түп районунда 63 сотых айыл чарба жери жана 21 сотых жер тилкеси бар. Кыймылдуу мүлкү катары 100 миң сомго бааланган «Жигули» үлгүсүндөгү автоунаа көрсөтүлгөн.
Ошондой эле президенттин декларациясында 1 млрд 163,5 млн сом өлчөмүндөгү сумма көрсөтүлгөн. Бул каражаттар мыйзамдаштырылган акча каражаттары катары катталган.
Президенттин жакын туугандарынын бир жыл ичиндеги кирешеси 29 млн 706 миң 840 сомду түзгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



