Иранда нааразылык акцияларында каза болгондор үчүн үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Иран өкмөтү «АКШга жана Израилге каршы каршылык көрсөтүү» маалында каза болгондорго байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу Khaleej Times басылмасы маалымдады.

Өлкө бийлигинин билдиришинче, нааразылык акцияларын таркатуу учурунда 38 укук коргоо органынын кызматкери каза болгон.

«Иран өкмөтү бүгүн АКШга жана сионисттик режимге каршы улуттук каршылык маалында курман болгон шейиттердин элесине үч күндүк аза күтүү жарыялайт», — деп маалымдады Ирандын мамлекеттик телеканалы.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жарандарды улуттук каршылык жүрүшүнө катышууга жана зомбулукту айыптоого чакырды. Ал ошондой эле башаламандык уюштургандарга өлкөнү кыйратууга жол бербей турганын айтты. Массалык нааразылык акцияларын уюштурууда ал АКШ менен Израилди айыптады.

Иранда нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрь айынын аягында улуттук валютанын кескин кунун жоготушу жана баалардын катуу өсүшүнө байланыштуу башталган. Акциянын катышуучулары саясий режимди өзгөртүүнү жана 1979-жылы тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пехлевинин бийликке келишин талап кылышууда.

HRANA укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, нааразылык акциялары башталгандан бери кеминде 538 адам каза тапкан, алардын ичинен 48и коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери. 10 миң 600дөн ашуун адам камакка алынган. Өлкөдө үч күндөн ашык убакыттан бери интернет өчүрүлгөн

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз