Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Душанбеге барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аэропорттон жогорку даражалуу мейманды Тажикстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.
 
"Сапардын алкагында Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөр пландаштырылган. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланат",- деп айтылат маалыматта.
 
Мындан тышкары, сапардын алкагында Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине баруу каралган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз