Европанын жети өлкөсү Гренландияда коопсуздукту чыңдоо максатында жалпы 27 аскер жөнөттү
Европанын жети өлкөсү аймактагы коопсуздукту чыңдоого багытталган чалгындоо миссиясынын алкагында өз аскер кызматкерлерин Гренландияга жөнөттү.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, эң көп аскерди Франция жөнөткөн — 15 жоокер. Германия Гренландияга 13 аскер кызматкерин жиберген. Швеция үч офицерин жөнөткөн, Финляндия менен Норвегия экиден, ал эми Улуу Британия жана Нидерланддар бирден аскер жиберишкен.
Алгачкы аскер кызматкерлери 14-январда Даниянын аба күчтөрүнүн учагы менен Нуук шаарына келишкен. Эртеси күнү Германия да өз аскерлерин жөнөткөн. BBC News жазгандай, Германия буга чейин миссиясы 15–17-январь күндөрү, үч күнгө созуларын билдирген. Калган өлкөлөрдүн аскерлери Гренландияда канча убакыт болоору азырынча белгисиз.
Европа өлкөлөрү Гренландияга аскер жөнөтүү менен арал Даниянын курамына киргендиктен, 2026-жылдын аягына пландалган ири аскердик машыгууларга Данияга даярдык көрүүгө жардам берүүнү көздөшүүдө.
Даниянын коргоо министри Трёлс Лунд Поульсен журналисттерге НАТО Гренландиядагы катышуусун канчалык деңгээлде кеңейтерин билбей турганын айтты.
«Бирок азыр биз 2026-жылдын бүткүл мезгилине эсептелген кеңири жана туруктуу катышууну пландай аларыбыз айкын. Бул Арктикадагы коопсуздук Дания үчүн эле эмес, бүтүндөй НАТО үчүн маанилүү экенин көрсөтүүдө өтө зарыл», — деди ал.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт 15-январда Европа аскерлеринин Гренландияга жөнөтүлүшү АКШ президенти Дональд Трамптын бул аймакты америкалык аймакка айлантуу ниетине таасир этпей турганын билдирди.
«Европалык аскерлердин катышуусу президенттин чечим кабыл алуусуна жана анын Гренландияны алуу максатына таасир этет деп ойлобойм», — деди ал.
Европа өлкөлөрү Гренландияга аскер жөнөтөрүн АКШ өкүлдөрү менен Дания жана Гренландия тараптарынын ортосунда 14-январда Вашингтондо өткөн сүйлөшүүлөрдүн фонунда жарыялашты. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Ак үй жолугушуу жемиштүү өткөнүн билдирген. Ал эми Даниянын бийлиги Трампты Гренландияны алуу планынан баш тарттырууга ынандыра албаганын айткан.
Дональд Трамп буга чейин бир нече жолу Гренландия АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугу үчүн маанилүү экенин билдирген. Анын пикиринде, аралды Орусия же Кытай басып алышы мүмкүн.
Ак үйдө мурда Трамп Гренландияны көзөмөлгө алуу үчүн ар кандай варианттарды, анын ичинде куралдуу күчтөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн да карап жатканын айтышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



